«Альянс» кабыл алган “Билим берүү” мыйзамы эмне берет?

“Альянс” парламенттик фракциясы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын карады. Фракция депутаттарынын демилгеси менен эксперттер менен биргеликте иштелип чыгып, президент тарабынан кол коюлган мыйзамда билим берүү системасын жакшыртууга багытталган бир катар жаңылыктар бар. Бул тууралуу аталган фракциядан маалымдашты.

Жаңы мыйзамга ылайык:
— Бала-бакчалардын саны көбөйөт. Эми бала бакча ачуу үчүн лицензия алуунун зарылчылыгы жок, турак-жайларды дагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери катары колдонууга уруксат берилди.
— Мектептерде аккредитация эми милдеттүү болбойт.
— Ваучер системасын киргизүү да каралган. Анда акча каражаты окуучуга бөлүнөт. Окуучу каалаган мектепти тандап, натыйжада атаандаштык жаралып, билим берүүнүн сапаты жакшырат.
— Кесиптик лицейлерге, колледждерге жана университеттерге административдик, финансылык жана академиялык эркиндик берилет.
— Билим берүү гранттары менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарына берилет.