Мындан 20 жыл мурда Алыкул Осмоновдун Чолпон-Атада шаарындагы үй-музейин ал эми 10 жыл мурда аллеясын өз каражы менен түзгөн, 20 жылдан бери акысыз иштеп келе жаткан элеттик эмгекчилден кабар алдык.
Адатта ушундай юбилейлик даталарда кыргызда туугандары же тааныштары көп далаалаттанат. Бирок, анын артында туяк калган эмес болсочу? Алыкул Осмоновдун тагдыры ушундай. Мындай учурда залкардын татыктуу шакирттери же болбосо күйөрмандары алардын эмгегин даңазалап келе жатат.
Дал ушундай күйөрмандарынын бири — Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кесипкөй фотожурналист Бактыбек Асанбаев. Мына бүгүн дал ушул адамдын ордосу боюнча кеп кылабыз.
Залкар акын, котормочу Алыкул Осмоновдун өтө оор тагдырына, артында туяк калбай, жалгыздыкта жашап өткөнүнө кайдыгер болбой, ал кишинин баскан жерин, ыр жазган ордун сактап калуу үчүн Бактыбек Асанбаев 2004-жылы атайын Бишкек шаарынын Чолпон-Атага көчүп келип, кароосуз жаткан тарыхый үйдү оңдоп баштаган.
Акын курган учук илдетине кабылгандыктан көз жумган. Ошол оорусуна шыпаа издеп Чолпон-Ата шаарындагы санаторийге дарыланып, дал ушул үйдө жашап жүргөн экен. Андан кийин санаторийдин китепканасы болуптур, 2004-жылы санаторий Түп районуна көчкөндө бул жер каралбай калган. Тонолуп, авариялык абалда болгон.
Музейдин негиздөөчүлөрүнүн дагы бири — Бактыбек Асанбаевдин жубайы, медиаэксперт Рита Нурмамет кызы иликтеп чыгып, жазуучуларга билдирип, акындын үйүн сактап калышкан.
Ошентип акындын үйүн толук ремонт кылып чыгууга Асанбаевдин 4 жыл убактысы кеткен. Анткени, ал жалгыз болгон. 2009-жылы үйүн музейге айландырган. Расмий ачылыш жасаган.
2015-жылы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансында турган жерди Осмоновдун 110 жылдыгына арнап, өз каражатына 100 бак тигип берген. Аллеяга жердештери эстелик орнотуп беришкен. Эстеликке мамлекеттик каражат кеткен эмес. Мамлекеттин каражатын коротпой, тескерисинче салым кошуп, маданият мүлктөрдү 2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылында өзүнүн жашаган, туулган жерине аллеяны маданий белек катары Чолпон-Ата шаардык мэриясына тартуулаган, бирок мэрия карабай коюп, бактар куурай баштаган, ага чыдабай өзү сугарып баштаган. Сууга акчаны да өз чөнтөгүнөн чыгарган.
Осмоновдун акыркы өмүрү өткөн үйдө көп керээзин калтырса керек. «Эмне арман көл боюнда атым турса, муштумдай бир кара таштан» деген саптары бар. Керээзин аткарып, Ысык-Көл жээгин каратып, эстелик тургузушкан. Эми маданий очок өчпөй, мурас катары сакталышы зарыл. Бул табылганын убакыттын өтүшү менен баасы да, мааниси да, таасири да жогорулайт. Анткени мындай маданий аллеяны түптөп, багып, анан аны мамлекетке тартуулаган жарандар жок. Бактыбек Асанбаев жана үй-бүлөсүнө коомчулук ыраазычылыгын билдирүүдө.