Алымкадыр Бейшеналиев: «4 башкы дарыгер ээлеген кызматынан бошотулат»

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен 4 башкы дарыгер жумуштан бошотула турганын министр Алымкадыр Бейшеналиев коллегияда билдирди.

Ал белгилегендей, ар бир райондо коллегиялар өткөрүлгөн. «Чечим кабыл алынды. 4 башкы дарыгер кызматынан бошотулат. 12 башкы дарыгерге сөгүш жана 7 башкы даргерге эскертүү берилет», — деди ал.