Алымкадыр Бейшеналиев: «Азыр коронавирустун нигериялык түрү чыкты. Биз ага да даярбыз»

Вирус да жашагысы келип, мутацияга туш болуп жатат. Азыркы кезде ооругандардын 70 пайызынан индиялык штамм аныкталып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Эң эле коркунучтуусу азыр нигериялык түрү чыкты. Ал дельта жана башка түрүнөн агрессивдүү экен. Ошого да биз даярбыз», — деди ал. Ал мындан тышкары, Кыргызстанда төртүнчү толкун ноябрь-декабрда күтүлүп жатканын, шайлоодон кийин жуктургандардын саны көбөйөрүн айтты. «Вакцина алсак, төртүнчү толкунду жеңил өткөрөбүз деп ойлоп жатам», — деди министр.