Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тиш дарылаткан 3 жаштагы кыздын чарчап калганы боюнча үн катты

Саламаттыкты сактоо министрди Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге Бишкекте тиш дарылаткан 3 жаштагы кыздын чарчап калганы боюнча үн катты.

Ал жагдайлар такталганга чейин «Дентомах» стоматологиялык клиникасынын жана КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык кабинетинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганын билдирди. «Бул маселени иликтей турган комиссия түзүлдү. Биз өз тараптан бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз. Бул, албетте, саламаттыкты сактоо системасы үчүн да, ата-эне үчүн да трагедия. Күнөөсү далилденсе, лицензияны жокко чыгаруу маселесин көтөрөбүз», — деди ал.

Министрдин айтымында, стоматологиялык клиникада лицензия бар. «Бул маселе дайыма каралып турат. Биз жеке клиникаларды текшерүү иштерин баштадык, одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул иш күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө», — деди ал.