Алымкадыр Бейшеналиев чогуу сүрөткө түшкөн кеңешчиси тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 16-майда социалдык тармактарда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жаш келин менен түшкөн сүрөттөрү тарады.

Соцтармак колдонуучулары ал айымдын аты Мээрим экенин, министр экөөнүн катышы бар экенин, ошондой эле мындан эки күн мурун УКМК дал ушул айымды кармаганын божомолдошту.

Ал эми министр бул сүрөттөр боюнча комментарий берип, мунун бардыгы жалган экенин айтты. “Айтылгандын баары жалган. Эгер ал экөөбүздүн чындап эле жакындыгыбыз болсо, ата-энеси деле ызы-чуу салмак да. Анын 2 баласы бар. Жакында турмушка чыгат. Болочоктогу жолдошу дагы мага чалып, акылга сыйбаган нерсенин айтылып жатканына күлдү”, — деди ал.