Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Министр ар-намысын жана кызматтык репутациясын коргоп берүүнү суранып, Ленин райондук сотуна кайрылган. Материалдык жана моралдык зыянга 10 миң сом сурады.

Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында министрди «каралар» менен байланышы бар деп айыптаган. Анын айыптоолоруна Алымкадыр Бейшеналиев тизмектеп жооп берген эле.