Алымкадыр Бейшеналиев иштен алган үч бөлүм башчы ордуна кайтты

Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алган Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев, коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова жана өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраева кызматтарына келишти. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

«Азамат Жумакеев Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы кызматына, Айнура Акматова коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы кызматына, Гүлмира Ибраева иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы кызматына калыбына келтирилишти. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинен доогерлердин пайдасына аргасыз келбей калган мезгилдери үчүн эмгек акы өндүрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.