Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге уулун тааныштырды

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» медициналык реабилитациялык комплексинде өткөн пресс-турда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерди уулу менен тааныштырды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Министрдин уулунун аты Мар. Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, анын уулу Ысык-Көлдө жашайт, пансионатка ээлик кылат. Ушул жылдын январь айынын башындагы маегинде министр уулу «Алтын балалык» комплексине 2 миллион доллар инвестиция салганын билдирген.