Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы дагы бир жолу эмдөөдөн өттү

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, — деди ал.