Алымкадыр Бейшеналиев: «Күзгө чейин калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө мектептер кадимки тартипте иштеп баштайт»

Эгерде калктын 70 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө, сентябрь айында мектептер кадимки тартипте иштеп баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиодогу» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, коомдун иммунитетин өнүктүрүү үчүн 2 миллион 137 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек. Өлкөнүн мектептери 2020-жылдын март айынан бери онлайн режиминде иштеп жатышат. 2021-жылдын январь айынан баштап мектеп окуучуларынын айрымдары кадимкидей окууга өтсө, айрымдары онлайн режиминде билим алышты.