Алымкадыр Бейшеналиев: «Мага өзүмдүн акчам жетет. Мен эң бай адамдардын биримин»

«Мага бүт баары жетет. Мен эң бай адамдардын биримин». Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри SUPERTV каналына маек берип жатып Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Алтын Балалыкты» (ред. реабилитациялык борбор) 20 миллион долларга кылып жаткандан кийин мага каяктагы бир Жумабековдун «какой-то» бир немеси кереги жок», — деди ал.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту.