Алымкадыр Бейшеналиев: «Мен интервью бербей жатам, бир жагын кесип алып, бир жерин калтырып коюшат экен»

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева саламаттыкты сактоо министрине вакцинанын кесепети — тукумсуздук тууралуу суроо берди.

Буга министр Алымкадыр Бейшеналиев интервью берей калганын, ага интервьюну кесип колдонорун жүйө келтирди.

«Мен интервью бербей жатам, бир жагын кесип алып, бир жерин калтырып коюшат экен. Мен бул балким тукумсуздукка алып келет, же тукумду көбөйтөт, азырынча белгисиз деп айкам. Бул жаңы вакцина бул боюнча дүйнөдөгү окумуштуулар изилдөө жүргүзө элек. Мунун жообу 5-10 жылдан кийин гана маалым болот. Азырынча бул боюнча эч ким, эч нерсе айта албайт»,— деди ал.