Алымкадыр Бейшеналиев: «Мөөнөтү өтүп кеткен вакциналар колдонулбайт»

Мөөнөтү өткөн вакциналар колдонулбайт, алар эсептен чыгарылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев радионун эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, вакциналар сунушталганда, дарыгерлер жарактуулук мөөнөтүн карашат. «Азербайжандан мөөнөтү бүтүп бара жаткан 30 миң AstraZeneca вакцинасы чукул түрдө алып келинген. Биз аларды колдонууга аракет кылдык. Балким, мөөнөтү бүтүп бара жатканы үчүнбү, же жаштарга вакцина сайылганда аларда коркуу пайда болдубу, ушундай эле окуя Ала-Букадагы аскерлердин башынан өттү. Дарыгерлер тобу барып, карап турушту. Симптомдор бир нече күндөн кийин жоголуп кетти. Муну эске алып, биз Азербайжандан келген партия менен эмдөөнү токтотконбуз», — деди министр. 

Буга чейин Республикалык иммунопрофилактика борбору COVAX механизми аркылуу келген коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын мөөнөтү 30-сентябрда бүтөрүн билдирген эле.