Бүгүн, 31-октябрда ИИМдин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ош базарында» дарыларды сатуучулар арасында биргелешкен рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинен дарыканаларда дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча, «Ош базарында» жайгашкан ЖАК «Берекет-Универсал» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында жашы жете электерге «Дарыкана наркоманиясы» деп аталган күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди сатуу фактысы боюнча биргелешкен алдын-алуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө телефонограмма келип түшкөн. Тергөө тапшырмасынын жана биргелешкен иш-чаралардын планынын негизинде ЖАК «Берекет-Универсал» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында, Жогорку Кеңештин депутаттары ЧыңгызАйдарбеков, Исатбек кызы Аиданын катышуусунда жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан «дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарын», анын ичинде күчтүү таасир этүүчү дарыларды «Ош базарынын» сатуучулары тарабынан мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча алдын-алуу иш-чаралар жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө контейнерлердин биринен алдын ала маалыматтар боюнча, «Т» аталышындагы күчтүү дары болуп саналган, жазуусу жана аты жок 22 бөтөлкө табылып алынган. Табылган бөтөлкөлөр пакеттелип, мөөр басылып, юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жөнөтүлгөн.