Алымкадыр Бейшеналиев: «Президент мага жаман сөздөрдү айтпа деди»

«Президент Садыр Жапаров мага жаман сөздөрдү айтпа деди». Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Акипресске» билдирди.

«Башкы прокуратура Министрлер кабинетине менин айрым сөздөрүм үчүн эскертүү берүү же кызматтан алуу тууралуу көрсөтмө бериптир. Президент мага жаман сөздөрдү сүйлөбөй, жакшы жүрүшүмдү айтты. Бирок айрым жагдайлар бар. Менчик клиника мыйзамсыз мамлекеттик мекемени ээлеп алган учурда эмне кылуу керек? Мындайда анча-мынча жаман сөз айтып калмайым бар», — деди министр.