Алымкадыр Бейшеналиев шымын чечип, бутундагы жараатын көрсөттү (видео)

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бутунан жаракат алды. Бул тууралуу ал айтып, жада калса журналист Лейла Саралаева менен болгон маегинде көрсөтүп да берди.

Анын айтымында, ал «Алтын балалык» борборун реконструкциялоо боюнча курулуш иштерине катышкан. Министр жыгылып, бутунан жаракат алган. Анын тизеден жогору булчуңдары айрылган. Мындан улам министр өз ишмердүүлүгүн чектөөгө аргасыз болуп, медициналык байпак кийип, аксап басып жүрөт.

Интервьюда министрдин журналистке бутундагы жараатын көрсөтүп бергени видеодо 42:27 мүнөттөн баштап.