Алымкадыр Бейшеналиев: «Уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз. Андан башка ким кайнатат?»

Бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде президент Садыр Жапаров экөө сунуштаган коронавирустан айыктыруучу уу коргошун ичип жатат.

Маалымат жыйында журналисттер «Бул суюктукту кайсы фирма жасап жатат? Бул боюнча ДССУнун маалыматы барбы?» деген суроолорду беришти. Ал эми министр бул дарыны Садыр Жапаров экөө жасап жатканын айтты. «Экөөбүз кайнатып жатабыз. Андан башка ким кайнатат?», — деди ал. Ал мындан тышкары, уу коргошун ичкенден кийин 1-2 саат муздак нерсе ичип, жебеш керек экенин баса белгиледи.

Түз эфирди шилтемеден табасыз.