Министр: «Вакцинадан каза болгондорго керт башым менен жооп берем. Коркпой эле ала бериңиз»

«Кыргызстанда бир да адам вакцинадан өлгөн жок. Себеби Исакова деген Токтогулдан келген тургун вакцинадан өлдү делгенден кийин текшерүүлөр жүрдү. Көрсө, ал вакцина алганга чейин эле пневмония болуп, кыйналып жүргөн экен». Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Туугандарын киргизип, көрсөттүк. Ал вакцина алып жатканда эле ооруп жаткан экен», — деди ал. Ал мындан тышкары, Ала-Букадагы аскерлерге сайылган вакцина боюнча да маалымат берди. «Мен башында эле айткам, вакцинага керт башым менен жооп берем деп. Коркпой эле ала бериңиз», — деди ал.