Алымкадыр Бейшеналиевдин бийлегенин көрдүңүз беле? (видео)

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин бийлеп, атүгүл чуркаган видеосу жарыяланды.

Ал жанында эки орун басары менен кошо иш-чара катышкан.

Кечээ, 14-ноябрда Бишкекте 9 өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлери, депутаттар, дарыгерлер жана сергек жашоого умтулган 1500дөй адам жарышка чыккан. Алар “Дени сак улут — дени сак өлкө” урааны менен бир-эки чакырымга чуркашты.