Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Парижде медаль тагынып түшкөн сүрөтү тарады.
Соцтармак колдонуучулары сүрөт боюнча “Кыргызстанда дагы бир күмүш медаль бар. Спорттун кайсы түрү боюнча экени азырынча белгисиз”, “Дагы бир күмүш алыптырбыз” деп тамашалап жазып жатышат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин маалымат таратып, Алымкадыр Бейшеналиевдин Францияда иш-сапары менен жүргөнүн, анын алкагында Франциянын саламаттыкты сактоо министри менен жолугуп, кызматташуу боюнча документтерге кол коюларын билдирген. Ошондой эле министрдин Олимпиада айылына барганын, ал жерде Кыргызстандын намысын коргоп жаткан спортчулар менен жолукканын билдиришкен.