Алып баруучу жана актриса Назира Айтбекова соцтармактарда кызуу талкууга алынган сүрөттөрүн эмне үчүн жарыялагынын Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
«Кантип жатасыңар анан? Тилиңерди, эгоңорду тырмап бүттүңөрбү? Комплексиңерди толтуруп дегендей. «Ушактаганда, жамандаганда, төпөштөгөндө аябай бөксө жериңер толуп, бийик чыгып, кадимкидей эс ала түштүңөрбү?» деп эле сурап коеюн дегем! Мендей тентек кыз керек силерге! Шокотерапия кылып турбасам, Ооганстан болуп кетесиңер!» — деп жазды ал.