Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы аймактарга каттаган жана жалпы айдоочуларды мындан ары кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүүнү эскертет.
Азыркы учурда алыскы аймактарга жайкы дөңгөлөктөр менен чыгып алган айдоочулар “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” көзөмөл өткөрмө жайларынан кайра артка кайтарылып жатат. Андыктан жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз.