Америкада үч кыргызстандык дайынсыз жоголду (сүрөт)

Америкада үч кыргызстандык жоголду. Алардын жүргөн жери 2020-жылдын июнь айынан бери белгисиз. Бул тууралуу алардын тууганы социалдык тармактарга жазып чыкты.

Маалымат боюнча, жоголгондор 42 жаштагы Насипа Дүйшөнова, кызы 10 жаштагы Ализе Дүйшөнова жана 81 жаштагы чоң эне Токтосия Курманбекова.

“Дайынсыз жоголгондорду издөөгө элчилик менен АКШдагы жана Кыргызстандагы укук коргоо органдары жардам бере алышкан жок. Алар жөнүндө маалыматы бар адамдардын төмөнкү номерлерге кайрылышын суранабыз: +996700051368, +85256063693, — деп айтылат билдирүүдө.