Дүйшөмбү, 16.06.2025
Бишкек booked.net
+20...+35° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Америкага Мексика аркылуу кирип, баш паанек суроо токтойбу? Элчи Лесли Вигеринин маеги

16:41 06.08.2024
0
Америкага Мексика аркылуу кирип, баш паанек суроо токтойбу? Элчи Лесли Вигеринин маеги

Соңку жылдарда Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз өткөндөрдүн саны көбөйгөн. Буга чара көрүү максатында өткөн айда жаңы чектөө киргизилди. Эми Американын аймагына Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендер башпаанек сурай алышпайбы? Өмүрүндө Мексиканы көрбөгөн, бирок мынчалык чоң тобокелге барууга даяр Кыргыз жаранын эмне күтүп турат? Ушул жана башка суроолорго АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери жооп берди.

— Элчи Вигери, президент Жо Байден июнь айында буйрукка кол койгон, ага ылайык, мындан ары Мексика аркылуу АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендер башпаанек сурай алышпайт. Бул чечимдин түпкү себеби эмнеде, түшүндүрүп бере аласызбы? Буйруктун аткарылышынын азыркы абалы кандай?
— Бактыгүл, маекке чакырганыңыз үчүн рахмат! Ооба, бул тема боюнча чоң кызыгуу бар. Биз муну социалдык тармактын кыргыз сегментинен көрүп турабыз. Эмне үчүн мындай болуп жатат, эмне үчүн президент Жо Байден бул буйрукка кол койду? Азыр бул боюнча түшүндүрмө берүүгө аракет кылып көрөйүн. Бул буйрук коопсуздукту камсыздаган, тартипке салынган жана иммиграцияны гумандуу башкаруу максатында кол коюлду. Акыркы жылдар ичинде АКШга келип, баш паанек суроого аракет жасаган адамдардын саны аябай көбөйгөн. Мындай окуялардын алдын алуу үчүн жана баш паанек сураган адамдар чоң коркунучка кептелбеши үчүн 6-июнда президент Жо Байден жогорудагы буйрукка кол койду. Ал документ уруксаты жок жана чек ара аркылуу мыйзамсыз өлкөгө кирип, баш паанек сураган адамдардын АКШга келишин токтотот.

— Бул чектөө Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендердин баарына тиешелүүбү? Мыйзамсыз киргендер кандай жагдайларда башпаанек сурай алышат жана кандай жагдайларда башпаанек сурай алышпайт?
— Мыкты суроо. 6-июнда кол коюлган буйрук — бул АКШга чек ара аркылуу кирүү режимин тартипке келтирүү үчүн бир катар жолдорду камсыздоо максатында иштелип чыккан. АКШга мыйзамсыз кирип, баш паанек сурай тургандардын дээрлик баары эми баш паанек ала алышпайт. Албетте, баш паанек суроонун башка жолдору бар. Бирок чек ара аркылуу мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Бир гана өтө аз сандагы чектөөгө кирбеген жагдай бар. Мисалы, чек арада коштоосу жок бала болсо, же өз мекенинде кандайдыр бир куугунтукка кабылган далили жүйөөлүү адам болсо… Калган башка бардык адамдардын баш паанек суроосу каралбайт жана АКШга кирүүгө тыюу салынат. Алар өмүр бою АКШга виза алуу укугунан ажыратылат.

— Мыйзамсыз иммигранттар башпаанек сураганда аларды эмне күтүп турат? Депортациябы? Кыргыз жарандары мекенине кайтарылган учурда Мексикада кала беришмек беле?
— Аларды эмне күтүп турат? Аларды жетишерлик оор процесс күтөт. Депортация күтүп турушу толук мүмкүн. АКШ түрдүү өлкөлөр менен чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адамдарды депортациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн иштерди жүргүзүп жатат. Ошондой эле буга чейин айтып өткөндөй, аларды келечекте АКШга кандайдыр бир виза алуу укугунан ажыратылышы күтөт.

— Эл Мексиканы мигранттар үчүн өтө кооптуу деп айтышат. Бул өлкө аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүү тозокко салыштырылат. Эл башка жол жок болгондон кийин ушул жолду тандайбыз дешет. Өмүрүндө Мексиканы көрбөгөн, бирок мынчалык чоң тобокелге барууга даяр Кыргыз жаранын эмне күтүп турганын айта аласызбы?
— Бул өтө коркунучтуу жол. Өзгөчө анын эки себеби бар. Биринчиден, бул ошол жердин татаалдыгына байланыштуу. Ал жерде чөлдөр, тоолор, дарыялар бар. Мындай жерде адамдар чек арадан мыйзамсыз өтөм дешип, бул сыяктуу шартта алар каза болушат. Дагы бир кыйынчылыгы эмнеде? Сиздерге ортомчу болуп жаткандар — алар кылмышкерлер. Алар мыйзамды бузуп, сиздин амандыгыңызга эмес, акчаңызга кызыгышат. Ошон үчүн сизге эмне болору аларга маанилүү деле эмес. Мындай кылмышкерлер менен алакада болуу — бул чоң тобокелге барууга тете.

— Бул чектөө убактылуубу? Мисалы, жагдайлар өзгөргөндөн кийин же белгилүү бир убакыттан кийин жокко чыгарылышы мүмкүнбү?
— 6-июнда кол коюлуп, Байден жана Харристин администрациясы тарабынан иштелип чыккан бул буйрук менен киргизилген чектөөлөрдө баш паанек алууга аракет кылгандар үчүн коркунучту азайтуу, чек арадагы тартипти сактоо каралган. Баш паанек алууга келгендердин саны азайса, бул чектөөлөр жеңилдетилиши мүмкүн. Бирок биз алардын санын азайганын көрө элекпиз.

— Мен мыйзамдуу жол катары DV Лотереясы (Green Card лотереясы катары белгилүү) жөнүндө суроо бергим келет. Кыргызстан үчүн квота өзгөрөбү?
— Бул суроого жооп берүү мага оор. Мен эмнени айта алам? Бул программа боюнча маданий көп түрдүүлүктү колдоо үчүн өткөрүлгөн бул визаны ар бир өлкө ала ала турган максималдуу сан бар. Ал сан 7 пайызды түзөт. Ар бир өлкө бардык визанын ичинен максималдуу түрдө 7 пайызды ала алат. Бул программа Кыргыз Республикасында аябай популярдуу. Андыктан, быйылкы жылы бул визаны Кыргыз Республикасында канча жаран ала ала турганын күтүүгө гана туура келет. Бирок дагы бир учурду айта өткүм келет. Бул АКШга кетүүнүн жалгыз мыйзамдуу жолу эмес, башка жолдор да бар. Мисалы, анын бирин айталы, бул атайын суроо-талап аркылуу берилген жумушчу визасы. АКШдан жумуш берүүчү адам АКШнын иммиграциялык кызматына документтерди тапшырат, кийин ал жөнөткөн сурам менен өзгөчө жөндөмдөрү бар адамдардын АКШга келип иштөө үчүн виза алууга мүмкүн. Андан башка да иммиграциялык визалар бар, айтсак, үй-бүлөлүк маселелерге же абалга байланыштуу. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги  визанын бардык түрүн берет жана биз мыйзамдын алкагында иш алып барууга чакырабыз.

— АКШ өкмөтү март айында Кыргыз жарандарына берилген жаңы туристтик жана ишкердик визаларынын жарактуу мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартты. Пандемиядан кийин АКШ элчилигине виза боюнча кайрылгандар өтө көп эле. Азыр абал кандай болуп калды?
— Март айында киргизилген өзгөрүүлөр элчиликте виза алууну иштеп чыгуу процессин жакшыртып, АКШга туристтик жана бизнес сапары менен бара турган Кыргыз жарандарына визанын жарактуу мөөнөтү узартылды. 5 жылдан 10 чейин узартуу жакшы жыйынтык берди. Ооба, пандемиядан кийин элчиликке өтө көп адамдар кайрылды. Кечиктирүүлөрдүн көбүн жокко чыгардык. Азыр анча-мынча кечигүүлөр бар. Бирок анын үстүнөн иштеп жатабыз. Өткөн айда жаңы система киргизгенбиз. Ал виза берүү процессин иштеп чыгууну тездетүүгө жардам берет. Биз учурда визага кезегин күтүп тургандардын саны азаят деп үмүт кылабыз.

— Сиз 2022-жылдын ноябрь айында Бишкекке келип, декабрда президентке ишеним каттарыңызды тапшырдыңыз. Бул мезгилдин ичинде бир топ иштер аткарылды. Кызмат учурунда эмнени баса белгилегиңиз келет? Кыргызстандан кеткенден кийин өлкөнүн же анын элинин кайсыл жагын сагынасыз деп ойлойсуз?
— Мыкты суроо болду. Мен үчүн Кыргыз Республикасындагы элчилик кызматым эң бир жагымдуу тажрыйбамдын бирине айланды. Убактымды эң сонун өткөрүп жатам. Бирок адегенде биз кандай иштердин үстүнөн алек болгонубузду айтып өтүүгө уруксат этиңиз. Биз, АКШ акыркы 30 жыл ичинде Кыргыз Республикасын колдоо боюнча ар түрдүү иштерди алып барабыз. Ага түрдүү тармактар кирет. Анын ичинен маанилүүсүн баса белгилеп өтсөм, АКШ Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүүлүгүн, суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын колдойт. Биз аны кандай жүзөгө ашырабыз? Биз түрдүү чөйрөдөгү жана ар кандай багыттагы иштер менен, ошол эле биз жасап жаткан иштерден алсак, саламаттыкты сактоо тармагында оорукана жана клиникаларга колдоо кылабыз. Ошондой эле билим берүү тармагында ар кандай программаларга жардам беребиз, балдардын математикадагы жөндөмдүүлүгүн арттырып, окуу көндүмдөрүн жакшыртабыз. Андан тышкары, коопсуздук боюнча табигый кырсыктарга даярдыкты күчөтүү боюнча кол-кабыш кылабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, адам укуктарын бекемдөө боюнча иштерди алып барабыз. Түрдүү багыттар боюнча элчилик иш алып барууга кубанычта.

Жеке мага келсек, мага Кыргыз Республикасында шаардан тышкары чыгуу жагат. Мен албетте, Бишкекти да жакшы көрөм, бирок шаардан чыгып, карапайым эл кандай жашарына кызыгам. Фермаларга барам, сүт фермалары кантип иш алып барарын көрүп чыгам. Караколго, Жыргалаңга барып келдим. Жаратылышы өтө кооз жер экен. Менин эсимде Кыргызстан өтө кооз өлкө катары калат. Мындай эле бурулсаң, дагы бир жаңы кооз жерди көрө алган мамлекет. Жомок каньонун алалы, ал мага Аризона штатын эске салат. Жыргалаң болсо, Норвегияга окшош. Бул бир эле облуста! Аябай керемет өлкө! Эң жагымдуусу — бул жолго чыгып, адамдар менен көрүшүп, сүйлөшүү. Кыргыз Республикасында адамдык капиталды жана адамдын ресурстарын өнүктүрүү — бул эң маанилүүсү жана өлкөнүн келечеги үчүн эң башкысы.

— Кыргызстанга келгениңизде эмнеге таң калып жүрдүңүз, эмнеге көнүү оор болду? Кандай каада-салттар өзгөчө болуп сезилди?
— Сонун суроо. Буга чейин айтканымдай, өлкөнүн табиятынын кооздугу жакты. Элчиликке күн сайын ишке бара жатканымда тоолорду көрөм. Ак мөңгүлүү тоолорду ар көргөн сайын таң каласың. Каада-салтка келсек, көчмөн жашоо образынын ушул күнгө дейре сакталгандыгы. Жайында Соң-Көлгө барсаң, боз үй лагерлерин, туристтерди көрөсүң, бирок аны менен катар чабандар малын айдап, жайлоого бара жаткан болушат. Алар аны кылымдар бою жасап келе жатышат да. Укмуштуудай. АКШга салыштырмалуу Кыргыз Республикасында адамдардын азыр да боз үйдө жашап, мал караганы таң калтырат.

— Учурда дүйнө коомчулугу Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарын кызыгуу менен күзөтүп турган чагы. Сиз кайсы бир спортчуга күйөрмандык кылып жатасызбы?
— Мен эки курама командага күйөрмандык кылып жатканым менен бактылуумун. АКШнын курама командасы жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат, эртең менен гимнастика боюнча кыз-келиндер курамасы алтын медаль алганын уктум. Мен учурда Кыргыз Республикасынын курама командасына да көз салып турган кезим. Алар спорттун бир катар түрлөрү боюнча катышып жатат. Анын ичинде күрөш да бар. Өткөн Олимпиадада Кыргыз Республикасынын курама командасынан күмүш жана коло медаль алган балбандар бар экенин билем. Ошондуктан быйыл президент менен биргеликте Кыргыз Республикасынын курама командасы алтын медаль утуп алышын көргүм келет.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

16-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:01 15.06.2025
0

Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош облусунун...

Кыргыз жарандарына АКШга кирүү чектелиши мүмкүнбү? ТИМдин маалыматы

Кыргыз жарандарына АКШга кирүү чектелиши мүмкүнбү? ТИМдин маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:51 15.06.2025
0

АКШ тарабынан бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз жарандарына карата өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында...

15-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор СЕРЕП МЕДИА
19:27 14.06.2025
0

Эртең, 15-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын...

Кыргызстан жарандарын Израилге барбай турууга чакырды

Кыргызстан жарандарын Израилге барбай турууга чакырды

Автор СЕРЕП МЕДИА
19:06 14.06.2025
0

Израиль мамлекети менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарына кырдаал толук турукташканга...

ТИМ Ирандагы Кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат

ТИМ Ирандагы Кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат

Автор СЕРЕП МЕДИА
19:01 14.06.2025
0

Израиль мамлекети менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

20:42 15.06.2025
Honda Fit унаасын ижарага берем деп 15 миң сом алып… Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Honda Fit унаасын ижарага берем деп 15 миң сом алып... Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

20:31 15.06.2025
Кыргыз жарандарына АКШга кирүү чектелиши мүмкүнбү? ТИМдин маалыматы

Кыргыз жарандарына АКШга кирүү чектелиши мүмкүнбү? ТИМдин маалыматы

20:51 15.06.2025
16-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21:01 15.06.2025
Кыргыз жарандарына АКШга кирүү чектелиши мүмкүнбү? ТИМдин маалыматы

Кыргыз жарандарына АКШга кирүү чектелиши мүмкүнбү? ТИМдин маалыматы

20:51 15.06.2025
Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

20:42 15.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү