Америкалык телеканалдагы аба ырайынын алып баруучусу сый-урматтын белгиси катары башынан ак калпакты түшүрбөй эфир алып барды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу алып баруучу менен таанышып, ага калпак беришкен.
«АКШ элчилиги ӨКМдин өкүлдөрүн Америкага үч жумага жөнөтүп, америкалык кесиптештери менен өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана чара көрүү боюнча тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берди», — деп айтылат маалыматта.