Америкалык Warner Bros. Pictures Кыргызстан тууралуу ролик тартат

Америкалык ири кинокомпания Warner Bros. Pictures Кыргызстан жөнүндө таанытуу ролигин тартууну пландоодо. Бул тууралуу Улуу Британияда өткөн туристтик көргөзмөнүн жүрүшүндө белгилүү болгонун Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Дүйнөдөгү үч ири саякат көргөзмөсүнүн бири болгон WTM London көргөзмөсү Улуу Британияда өттү. Ал жерде жыл сайын 184 мамлекет, анын ичинде Кыргыз Республикасы туристтик потенциалын көрсөтөт. Бул жолу Кыргызстандын 14 ири туристтик компаниясы жана Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти. Анда чет элдик саякат блогерлери Кыргызстанга келүү боюнча кайрылышкан жана Warner Bros. Pictures компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстан тууралуу видеоролик тартууну пландап жатышканын айтышкан.