«Американы ачтык деген жерибиз жок». Али Токтакунов Садыр Жапаровго жооп берди

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов президент Садыр Жапаровдун сөздөрүнө жооп кайтарды.

«Биздин иликтөөдө сиздин Коопсуздук кеңештеги сөзүңүздү бергенбиз. Анда сиз прокуратурага 2 ай ичинде ошол ишти териштирип, тактагыла деп тапшырма бергенсиз. Бирок 5 айдан бери прокуратура элге жооп берген жок. Биз муну менен «Американы ачтык» деген жерибиз жок. Өлүү жандар дегендер 10 жылдан бери эле айтылып келе жатат. Болгону айтылып, токтобой келе жатат. Иликтөөбүздө прокуратурага, УКМКга айлап-жылдап арыз жазып жатышат, бирок иш алдыга жылбай жатат деген таризде чыгардык. Ооба, прокуратура да билет, УКМК да билет, бирок жаап-жашырып жатышат да», — деди ал.

Президент «Кабар» агенттигине берген маегинде «Али Токтакунов деген иликтегич электр энергиясын жок даректерге “списать” эткенин таап чыктым деп. Прокуратура үч ай мурун эле иликтеп, жокко чыгарган же “списать” эткен суммаларды төлөтүп жаткан иш. Бул ишти, эсиңиздерде болсо, алты ай мурда эле Коопсуздук кеңешинде прокуратурага берип, акчасын кайтаргыла дебедим беле. Бул иш боюнча прокуратура бүгүн дагы иштеп жатат» деген эле.