Американын журналисттери D Billions тууралуу чыгарылыш даярдоого келишти

Кыргызстанга Bloomberg агенттигинин журналисттери келип, Кыргызстан жана анын таланттуу жаштары тууралуу чыгарылыш даярдашат. Бул тууралуу D Billions каналынын PR-директору жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алар топтун тарыхын угуп, «феномен» деп аташкан. Тартуу иштери эртеден кечкиге чейин уланган. «Мен PR-директор катары биринчи жолу англис тилинде интерью бердим. Биздин тарыхыбызды, пландарыбызды айтып бердим. Бул күн биз үчүн маанилүү күн болду. Бул чыгарылыштан кийин Америкадагы кичинекей көрүүчүлөрүбүздүн ата-энелери биз менен таанышышат», — деп жазды ал.

D Billions дүйнөдөгү эң ийгиликтүү YouTube-каналдардын бири. Өткөн жылы ал Кыргызстанда 12 миллион катталуучусу бар болгону үчүн биринчи жолу бриллиант баскычын алган.