Англис тилине орус тилиндей эле расмий макам берели деп жатышат

Англис тилин Баш мыйзамга орус тили менен катар экинчи расмий тил катары киргизүү сунушталып жатат. Бул тууралуу конституциялык кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев айтып чыкты. “Орус тили расмий макамга ээ болгондуктан, биздин жарандар 10дон ашуун өлкөдө эркин сүйлөшө алышат. Ал эми англис тилинде 100дөн ашуун мамлекеттин калкы пикир алышат. Эгерде жаңы технологиялардын ааламына кошулуп, дүйнөлүк процесстер менен шайкеш болобуз десек, анда англис тилин Баш мыйзамга экинчи расмий тил катары киргизишибиз керек”, — деди Чакиев.

Бул сунуш кеңешменин башка мүчөлөрү тарабынан “акылга сыйбаган жорук” деп кескин сынга кабылды.
Ал эми конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий макамдан ажыратып, мамлекеттик тил катар кыргыз тилин гана калтырууну сунуштады. “Орус тилге байланып калган иттей көнүп калганбыз. Мындай болбошу керек. Биз өз тилибизди жоготуп алышыбыз ыктымал. Калган тилдерди башка мыйзамдар менен өнүктүрүүгө болот”, — деди Төралиев.