Англисче ырдап, жылдызы жанган суусамырдык бала: «Айылда мал менен мал болуп жүрө беришет деп ойлошот»

Интернетте Фаррелл Уильямстын “Happy”, Бруно Марстын “Leave the Door Open” жана башка дүйнөлүк хиттерди аткарып популярдуу болуп жаткан суусамырдык Рамазан эсиңиздеби? «Айылда жүрсө эле мал менен жүрүп мал болуп калды деп ойлогондор бар, чынында бизде окууга кызыккан балдар көп» деген ал өзү тууралуу айтып берди.

«Ар бир адамдын өзүнөн экен. Каалооң жок болсо, билим ала албайсың. «Мен ушул тилди үйрөнөм, ушул өлкөгө барам» деп кааласаң, максат койсоң, ошого жетесиң. Сенин кайда экениңден көз каранды эмес. Айылда жүрсөк эле, билимсиз, мал менен мал болуп жүрө беришет деп ойлошот. Андай эмес, таланттуу балдар көп. Баарыбыз жакшы окуганга аракет кылабыз», — деди ал.