Анкарада Кыргызстандын урматына сейил бак ачылат

Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын урматына сейил бак ачылып, Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Аталган маселе 23-сентябрда Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Анкаранын Чанкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделендин жолугушуусунда макулдашылган. Жолугушууда Анкаранын Чанкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер да талкууланды.