Ант берүү учурунда Конституцияга колун коюуну унуткан жаңы депутаттар (сүрөт)

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары ант беришти.

Регламентке ылайык, шайланган депутат оң колун Конституциянын текстине коюп, Жогорку Кеңештин алдында ант берет. Жаңы келген депутаттардын арасында Конституцияга колун коюуну унуткандар да болду. Алар:

— Эльмурза Сатыбалдиев;

— Аманкан Кенжебаев;

— Сеидбек Атамбаев;

— Акылбек Түмөнбаев;

— Жылдыз Таалайбек кызы;

— Бакыт Тентишев;

— Адахан Мадумаров;

— Орозайым Нарматова.

Бул депутаттарга Конституцияга оң колун коюшу керектигин эскертишти.