«Аны да жек көрүшчү». Алымкадыр Бейшеналиев өзүн Петр I менен салыштырды

«Кимдир бирөө реформа кылышы керек да», — деди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшналиев «24.кж» сайтына кызматтан кетүү тууралуу суроосуна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, реформа жасагандар көбүнө жакпайт. «Петр I да Орусияда реформаларды жасаганда баары жек көрүшкөн, кийин тарых анын баарын туура кылганын көрсөттү. Жыл бою жасаган иштеримдин баары эл үчүн. Ушундай репутациядан коркпогон, реформа жасаган министрдин келгенине президент, эл, бардык дарыгерлер абдан кубанып жатышат. Мен башка министрлер сыяктуу отуруп алып, 30 жылдан бери иштеген башкы врачтардан, директорлордон алкыш алсам болмок. Алар адаттагыдай эле отуруп алып, «жей» беришмек”, — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Ал кызматтан кетперин, жасай турчу иштери көп экенин айтты. «Кетпейм, эл үчүн жасай турган иштерим дагы көп. Президент менин реформаларымды колдойт. Анткени, ал бир топ үчүн эмес, эл үчүн келген», — деди.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү үчүн кол топтоо башталганы маалым болгон.