«Апа, менин жашагым келет». Бишкекте балдары онкологиялык оору менен күрөшкөндөр митингге чыгышты (сүрөт)

Бүгүн, 17-майда Өкмөт үйүнүн алдында балдары онкологиялык оору менен ооруп, күрөшүп жаткандар митингге чыгышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине балдардын ата-энелери билдиришти.

Чогулгандар президент Садыр Жапаровго жолугууну талап кылышууда. Алардын айтымында, онкологиялык оорулууларга мамлекет көңүл бурбай жатат. «Тез арада операцияны талап кылган 25 бала бар. Аларга өзүбүздүн каражат жетпей жатат. Мамлекет Түркияга бекер дарылатууга квота алып берсе жакшы болмок. Кыргызстанга да Жүлүн алмаштыруу боюнча бөлүм ачса жакшы болмок»,- дешти алар.