85 жаштагы Мамат Кулматов аксакал учурда ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 1-курста окуп жатат. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.
Ал 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаганын айтты. Жаш мезгилинде болсо айыл-чарба техникумунда окуп, агроном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.
«Үй-бүлөм ушул жашыңызда окубай эле коюңуз деген пикирлерин айтышты. Бирок алар менин ичимдегини билишпейт да. Өзүм баарына түшүндүрүп айттым. Апам оорудан улам жаш өтүп кеткен. Ошондо өзүмө дарыгер болом деп сөз берген элем. Байбичем да илимди танда же бизди танда деген талап койду», — дейт аксакал.
Мамат Кулматов аксакал байбичеси менен 4 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20дан ашуун небере, чеберелери бар.