«Апаң командировкага кеткен деп жүрдүк». Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова камактан чыкты

Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы, «Акун» компаниялар тобуна кирген ишканалардын биринин жетекчиси  Айдай Турсунбекова камактан чыкты. Бул тууралуу Чыныбай Турсунбековдун жубайы, «Акун» компаниялар тобунун башкы директору Нуржан Тентимишова соцтармактагы баракчасында жазды.

«Күткөн күнүбүз да келди. Айдайымды камактан чыгарышты. Кичүү кызы Дарика 1,5 жашта, эмчектен да чыга элек болчу. Апасын1 ай көрбөй, куса болуп, түнкүсүн да уктабай калган. 5 жарым жаштагы кызы Алимага «Апаң Африкага командировкага кеткен, ал жакта телефон тартпайт экен» деп алаксытып жүрдүк. Эми эки кызы тең апасын бура бастырбай жанынан чыкпай кайтарып отурушат.

Чыныбайдын бир интервьюсунда “Кызматым, материалдык байлыгымдан да баалуу балдарым деп билем. Анткени үй-бүлө адамдын башкы таянычы. Балдарым менин жолумду улантуучуларым. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алган, мен сыймыктангам үй-бүлөм бар” деп айтканы бар.

Балдарыбыз кичинекейинен Ысык-Көлдөгү пансионатыбызда иштешти. Жыл сайын жай келгенде барып иштеп акча таап келип, мектепке керектүү нерселерин алышчу. Студент кезинде да иштеп жүрүштү.

Бир жолу башкалардын балдарын карасам, чет өлкөлөрдө эс алып жүрүшөт. Ошондо балдарыбызды кичинесинен иштетиптирбиз деп жүрөгүм аябай ооруду. Аларды отургузуп алып “силерди эч жакка эс алууга да жибербей, кичинеңерден иштетип туура эмес кылган окшойбуз” десем, алар “Апа, пансионатты ачып берип койгонуңар үчүн рахмат. Биз жашообузду көлсүз элестете албайбыз” дешти. Ошондо жүрөгүм тынчып калды», — деп жазды ал.