«Апаны өмүрү көргөн эмесмин». Руслан Тагаев Даниель Ажиевдин апасы боюнча билдирүү таратты

Кечээ, 10-сентябрда Бишкектеги Ленин району боюнча кайра шайлоо болуп өттү. Автоматтык эсептөөчү 51 урнанын 51инен алынган жыйынтык боюнча 26,14 пайыз менен Кубанычбек Самаков алдыга чыккан. Буга байланыштуу Руслан Тагаев нааразычылыгын билдирип, видео кайрылуу жасаган. Анын айтымында, таза шайлоо үчүн күрөшүп келген жана күрөшө берет. «Эгер ошол адамдар таза утуп чыктык дей турган болсо, тийиштүү органдар иликтеп чыгып, өз баасын берет», — деген ал.

Социалдык тармактын колдонуучулары талапкердин артында турган аялдын вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин апасы экенин таанышып, кызуу талкууга алышкан. 

Руслан Тагаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Даниель Ажиевдин апасы Сайкал Ажыбаева тууралуу билдирүү таратты. «Апа келип жаныма туруп калыптыр. Ал апаны өмүрү көргөн эмесмин. Кайрылуу кылабыз деп эшикке чыкканбыз. Кайсы жактан келе калды? Жанымдагылар деле аны тааныбайт экен. «Акчасын берсе керек» деп жаткандар, пейилди оңдойлучу. Мен сураштырсам Ажиевдин апасы дейт. Баласы үчүн апасы жооп бербейт да. Ошону эле айтып коёюн дегем», — деди ал.