«Апасы болсо, карамак». Төрөттөн кийин кыймылсыз жаткан келиндин тагдыры (видео)

Замира Досалиева 29 жашта. Ал 2020-жылы операция жолу менен баласын жарыкка алып келип, ошондон бери өз алдынча сүйлөй, кыймылдай албайт. “Кызым ушундай абалга туш болгондо күйөө балам жүз буруп кетти. Бирок мен аны туура түшүнөм” деген анын атасы Жүрсүнбай Досалиев кызын эркелетет, тамак берет, кам көрөт. Кызынын жалгыз багуучусу болгон ата алар башынан өткөрүп жаткан тагдырды баяндап берди. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0776 10 17 67.

«Бул менин экинчи кызым. Кызым турмушка чыгып, ковид учурунда неберемди жарыкка алып келип, ооруп ошондон бери төшөктө жатат. Ал төрөргө 1 ай калганда коронавирус болуп ооруган. Ошол үчүн болдубу же дарыгерлердин шалаакылыгыбы билбейм. Төрөй албай 2 күн кыйналган. 2 күндөн кийин кесарево жолу менен төрөгөн. Ошондон кийин 1 жуманын ичинде кескен жери ириңдеп баштаган. Анан жатып калды. Башында 24 саат бою кыйкырып чыкчу. Азыр Кудайга шүгүр колдору кыймылдайт. Сүйлөбөйт, бирок мени, туугандарды тааныйт. Мурда баласын таанычу эмес. Азыр реакция кылат. Апасы 2018-жылы каза болуп калган. Апасы болсо, карамак. Мага памперс алмаштырып, жуунткан оор болуп калат экен. Азыр караган жерге айына 26,5 миң сом төлөйм. Менин биринчи ойлогонум кызымдын акчасын төлөө керек. Акча үчүн ар кандай жумуштарда иштейм. Бир күнү жумушта кулап калдым. Ооруканага алып барышты. Ал жерде жүрөккө стенд коюш керек дешти. 17-августта операция жасап, бир стенд салышты. 3 күндөн кийин экинчисин салышты. Дарыгерлер «Байке, өзүңүздү караңыз. Жумуш тандап иштеңиз» дешти. Анан ушул абалга кептелип отурам»,- деди атасы.