«Апасы жандандыруу бөлүмүнө түшкөн». Ошто 15 жаштагы кыз чала таанышы менен Бишкекке келген. Окуянын чоо-жайы

Сүрөт "Турмуш" басылмасынан алынды

Кара-Кулжада дайынсыз жоголгон 15 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-январда Кара-Кулжа РИИБге Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл ѳкмѳтүнүн Кылоожун айылынын 44 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 08:30 чамасында Сары-Булак айыл аймагындагы Тогуз-Булак орто мектебинин 15 жаштагы 9-классынын окуучу кызы ѳзү жашаган үйдѳн Кара-Кулжа айылына Балдар чыгармачыл борборуна иш-чарага катышканы кетип дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Жогоруда аталган иш боюнча топтолгон материалдар катталып, тергѳѳ амалдары жүргүзүлө баштаган.

29-январда ѳспүрүм кызматкерлер тарабынан табылган. Тергѳѳнүнүн жүрүшүндѳ ѳспүрүм кѳрсѳтмѳ берген. Ал 26-январда физика сабагынан берген мугалими менен биргеликте Кара-Кулжа айылына Балдар чыгармачыл борборуна иш-чарага катышуу үчүн баргандыгын, иш-чара бүткѳндѳн соң мугалими чогулушка кирип кеткендиктен, чай ичип турайын деген шылтоо менен жогоруда аталган борбордон чыгып, Кара-Кулжа борбордук базарынан Өзгөн шаарына кетүүчү таксиге отуруп, ал жерде жаш курагы 20-25 жаштагы кыз менен таанышып, аны менен биргеликте Бишкек шаарына барып жумуш таап иштеп акча табуу максатында кетип калгандыгын, Бишкек шаарында ѳзүнѳ ыңгайлуу жумуш таппагандыктан, ал жерде Элнура менен жашап жүргөн. Ошол жердеги белгизсиз жаран кыздын жашы жете элек экендигин билип калып Өзгөн шаарына кетүүчү унаага салып жиберген.

Кыз атасы менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, апасы катуу ооруп Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүндѳ жаткандыгын угуп, апасын кѳргѳнү Кара-Кулжа айылына келгенде, милиция кызматкерлери кармап алгандыгын билдирген. Ошондой эле аталган иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ишке тиешеси барлардын аты-жөнүн тактап, тез арада тергѳѳ кызматына камсыз кылуу үчүн тиешелүү органдарга тапшырмалар берилип тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.