Апасы каза болгондон кийин документи жок болгон жаранга Ташиев паспорт тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Никита Александрович Гончаровго идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

12-июлда Фейсбук социалдык тармагында Никита Александрович Гончаровдун УКМК төрагасынын атына улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуусу жарыяланган.

Үй-бүлөлүк оор шарттарга ылайык жети жашында апасы ооруп калганына байланыштуу каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун ала алган эмес.

Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.

26-июлда Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Гончаров Никита Александровичке Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.