«Апасы төрөтканада болуп, инилерин карап калдым». Кой кайтарып жүргөн бала боюнча атасы кайрылуу жасады

Талас облусунун ички иштер башкармалыгы кой кайтарып жүргөн бала боюнча маалымат таратты.

2-августта социалдык тармактарга тараган кой кайтарып жүргөн бала боюнча Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, милиция, социалдык өнүгүү башкармалыгы, билим берүү бөлүмү жана Шекер айыл өкмөтү менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө, видеодогу өспүрүм Шекер айыл аймагынын Арчагул айылынын 2014-жылы туулган тургуну экендиги, ушул эле айылдагы мектепте окуй тургандыгы аныкталды. Окуу учурунда сабактарды калтырбай тургандыгын класс жетекчиси тастыктады. Азыркы учурда Казакстан менен чектешкен Көк-Дөбө участкасында жайгашкан сарайда таэнеси менен биргеликте өздөрүнүн 53 баш коюн каникул учурунда багып жаткандыгы белгилүү болду.

Апасы төрөп төрөтканада болгондуктан, атасы кичүү инилерин карап Арчагул айылындагы үйүндө болгондугу, сарайдан кабар алып тургандыгы такталды. Өспүрүм социалдык кызматкерлердин катышуусунда көрсөтмө берип, ата-энеси тарабынан эч кандай зомбулук көрсөтүлбөгөндүгүн жана малды кароого өз ыктыяры менен апасы ооруканада жаткандыгына байланыштуу көмөк көрсөтүп жаткандыгын билдирди. Социалдык тармактарда айтылган маселе боюнча видео тарткан адамга эч кандай жашоо-шарты боюнча маалымат бербегендигин белгиледи.

Аталган маселе боюнча жеринде атайын түзүлгөн комиссия баланын атасына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан сырткары, тиешелүү райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана айыл аймак башчысына аталган үй-бүлөнү такай көзөмөлгө алуу жагы тапшырылды»,- деп айтылат маалыматта.