«Апасынан кечирим сурадык». Милиция кызматкеринин чыгарган огунан каза тапкан айдоочунун сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 29-августта милиция кызматкеринин чыгарган огунан каза тапкан айдоочунун сөөгү жерге берилди. Маркумдун акыркы сапарга узатуу зыйнатына Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев барды. Алар маркумдун жакындарына көңүл айтып, октон каза тапкан жарандын апасынан кечирим сурашкан.

27-августта Бишкек шаарында Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратты.