Apple орусиялык кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга көчүргөнү маалымдалды

Жайдын аягында америкалык Apple жана Google корпорациялары өз кызматкерлерин Орусиядан башка өлкөлөргө которду. Бул тууралуу «Ведомости» жазып чыкты.

Тактап айтканда, кызматкерлер Кыргызстанга, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарына которулган. Apple компаниясынын Орусиядагы кызматкерлеринин көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен. Apple компаниясынын мамлекеттик органдар менен байланышуу боюнча жетекчиси Назим Турдумамбетовдун кыргызстандык экени айтылат жана алып келүүсүн дал ушул менен байланыштырат.