Апрель айында Сокулуктан Ысык-Көлгө кеткен жаран дайынсыз болуп жатат

Сокулук РИИБи тарабынан 1973-жылы туулган Жолочиев Рысбек Дөлөтбекович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 27-апрелинде Ысык-Көлдөгү Барскоон айылына жумушка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0558 86-14-86, 0708 86-14-86 номурларына чалсаңар болот.