1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды, калгандары үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүнө жөнөтүлдү.
Дарыгерлер эскертишкендей, кенелердин активдүүлүгүнүн туу чокусу али алдыда — адатта ал май-июнь жана август-сентябрь айларына туура келет. Кене чаккан учур кооптуу болушу мүмкүн: кене энцефалити нерв системасын жабыркатат жана оор учурларда шал болууга, майыптыкка, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Дарыгерлер жаратылышта жүргөндө жабык кийим кийүүнү, репелленттерди колдонуу, кең жолдор менен басуу жана сейилдөөдөн кийин өзүңүздү жана балдарды сөзсүз текшерүүнү сунушташат. Эгер кене табылса, аны өз алдынча албастан, хирургиялык кабинетке кайрылуу керек.
Бишкекте кенени алгандан кийин текшерүүгө Байтик Баатыр көчөсү, 36а дарегиндеги мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна алып барса болот. Аймак тургундары үчүн — Скрябин көчөсү, 92 дарегиндеги карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборуна кайрылуу сунушталат.











