Апрель окуясында жабыркагандар президент Садыр Жапаровго кайрылды

2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар «Ала-Тоо» аянтында митингге чыгышты. Алар маркумдарга арнап куран окуп, эстеликке гүл коюшту.

Алар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. «164 бала атасыз калды, 64 эне баласынан ажырап, 58 аял жесир калды. Алар террористтердин колунан эмес, президенттин колунан каза болушту. Биз сиздердин жакынкы тарыхтагы окуяларды кайра жазуу ниетиңиздерди көрүп жаткандыктан кайрылып жатабыз. Каза болгондордун артында балдары, туугандары, артында эл турат. Өлгөндөргө тийбегиле, өлкөдө башка көйгөйлөр жокпу? Туура чечим чыгарарыңызга ишенебиз”, — дешти көрүүчүлөр.

Алар мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келишине да каршы экенин айтышты.