Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Бакиевдин сүрөтүн Тарых музейинен алып салууну талап кылышууда

Бишкекте бийликтен куулган Курманбек Бакиевдин сүрөтүн Тарых музейинен алып салууну талап кылган нааразылык акциясы өттү. Ага коомдук бирикмелердин жетекчилери, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияда каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары катышты.

«Бакиевдер өз жарандарын өлтүрүштү. Алардын сүрөттөрүн Тарых музейине илип коюуга татыксыз”, — дейт Апрель окуясында жабыркагандардын “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин тең төрайымы Нурия Айдабосунова.

Чогулгандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. «Эгерде сизде Бакиевдин сүрөтүн алып салууга саясий эркиңиз жетпесе, анда биз анын сүрөтүнүн астына аянтты өз элинин каны менен боёп, 400гө жакын адамды майып кылган деп жазышын талап кылабыз. Өлгөндөрдүн элесин тебелеп, тарыхый окуяларга шек келтире берсеңер, анда силер эч качан элдин таануусуна татыктуу боло албайсыңар”, — дешти алар. 

Буга чейин Маданият министрлиги Кыргызстандын бардык президенттеринин: Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун жана Садыр Жапаровдун сүрөттөрү илинген стенд боюнча комментарий берген. «Музейде Кыргызстандын президенттеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн стенд илинип турат. Бул тарых музейи, тарых тарых бойдон калышы керек. Биз аны эч кандай жол менен жок кыла албайбыз, анткени бул биздин жол. Бул адамдардын баары бир кезде президент болгон. Алардын бирин алып салсак, туура эмес болуп калат», — деп билдиришкен министрликтен.