«Ар бир адамдын оюн айтууга укугу бар». Жоламан Шаршенбеков желекти дүйнөгө таанытууга күчүн жумшарын айтты

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков социалдык тармактагы баракчасына желек боюнча өз пикирин жазды. Ал 21-декабрда Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы чыгып, мындан аркы таймаштарга дагы дал ушул желектин астында чыга турганын билдирген болчу.

«Ар бир жарандын өз оюн айтканга укугу бар. Ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди, оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү. Мен профессионалдык спорт менен гана алекмин, эч кандай саясий иштерге аралашпайм. Ар дайым Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө таанытууга болгон күчүмдү жумшайм! Кыргызстандын желеги желбирей берсин!» — деп жазды ал.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балбандын буга чейинки сөзүнө улай комментарийи жарыяланып, бирок кийин ал өчүрүлгөн эле. Анда «Бир дагы спортчунун эч бир расмий мелдешке мамлекеттик желексиз катышууга укугу жок, аракет кылып эле көрсүн. Мыйзам кабыл алынды жана биз ага баш ийүүгө милдеттүүбүз» деп жазылган. УКМКнын төрагасынан башка да бир катар бийлик өкүлдөрү реакция кылышкан болчу.