Ар бири 36 миң сомдон… Олимпиадага катыша турган Кыргызстандын курама командасынын параддык формасы талкуу жаратууда

Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасы үчүн параддык форманы Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Владимир Арановский жана Нурсултан Муратовдон турган жергиликтүү дизайнерлер жана чеберлер иштеп чыгып даярдады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Форма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун түсүн чагылдырып турат жана аба ырайын эске алуу менен спортчулар үчүн ыңгайлуулукту камсыздайт. Форма жана бут кийим толугу менен ата мекендик өндүрүштөгү жогорку сапаттуу материалдардан даярдалган. Форманын бир комплекти (трикотаж кофта, кош этек/шым, куртка жана бут кийим) 36 миң сомду түздү. Параддык жана спорттук форманын фотосессиясына Елизавета Печерских жана Эрлан Шеров тартылды», — деп жазылат билдирүүдө.